Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Баткен

Кадамжайдагы күрөштө төөнү кадамжайлык, топозду лейлектик балбан утуп кетти (фото)

Turmush -  1-май — Эмгекчилердин майрамына карата Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүндө улуттук күрөш боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу айыл өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдешке коңшу өлкөлөрдөн жана Кыргызстандын аймактарынан келген 200дөн ашуун балбан катышты. Байгеге коюлган топозду Лейлек районунан келген Шерик балбан, бүркүттү Кадамжай районунун Алга айылындагы Атан балбан, төөнү Алга айылынын тургуну Ахмат балбан жеңип алды. Мындан тышкары, башка жеңүүчүлөргө да ар кандай сыйлыктар тапшырылды.

Байге үчүн 250 миң сом коюлуп, жеке ишкерлер колдоо көрсөткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1671
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×