Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Баткен

Баткенге борбордон чакырылган онколог-гинеколог дарыгерлер 19 жолу операция жасашты

Turmush -  Баткен облустук ооруканасынын жетекчилигинин демилгеси менен борбор шаардан онколог-гинеколог дарыгерлер чакырылды. Сапардын алкагында тажрыйбалуу дарыгерлер гинекологиялык дарттар менен жабыркаган аялдарга операция жасап, кеңештерди берүүгө да мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө.

Аймактык кабарчыга маалымдалгандай, облустук ооруканада гинекологиялык ооруларга операция жасоого мүмкүнчүлүк жок. Андан улам дарыгерлер гинекологиялык оорулардан жабыркаган кыз-келиндер үчүн тиешелүү жардам бере албай келишкен.

Оорукананын жетекчиси Нурлан Салиевдин айтымында, учурда борбордон келген дарыгерлер онкогинекологиялык дарт боюнча жалпы 19 жолу операция жасашты. Келишимдин негизинде 25-апрелде келген дарыгерлер 29-апрелге чейин болот. Ошондой эле, бул убакыт аралыгында жергиликтүү дарыгерлер практика жана теория жүзүндө окуудан өтүп, тажрыйба алышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1430
Көп окулду
×