Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баткен облусуБаткен району 21.04.2017 17:18

Көк-Таштагы мектепте таэквондо боюнча машыгуулар башталды

Turmush -  Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Шайдулла Ганы орто мектебинин спорт залында таэквондо боюнча алгачкы жолу машыгуулар башталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен шаарында таэквондо ийрими 2010-жылы ачылган. Баткен облусундагы таэквондо федерациясынын жетекчиси Бунядбек Хакимов жумасына 3жолу Көк-Таш айылына барып мектеп окуучуларына машыгууларды үйрөтөт. 6 жаштан 18 жашка чейинки курактагы жаш өспүрүмдөр арасында спорттун бул түрүнө кызыгуулары артып, машыккандардын саны өсүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×