Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Баткен облусу, Баткен 19.04.2017 13:53

Баткендеги мугалимдердин спорттук таймаштары өттү

Turmush -  Баткен шаарындагы мектептердин мугалимдеринин спорттук спартакиадасы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Спартакиадада мугалимдер кичи футбол, волейбол, тогуз коргоол жана шахмат боюнча күч сынашты. Кичи футбол жана тогуз коргоол оюндары боюнча 1-орунду шаардагы В.Ленин атындагы орто мектеби, волейбол мелдешинде С.Айтматов атындагы орто мектеби, шахмат оюнунда 1-орунду Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин мугалимдери алышты.

Спартакиаданын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×