Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Баткен

Айыл турмушу: Лейлектик чебер М.Нурматова кыргыздын унутта калган саймаларын жандандырууда (видео)

Turmush -  Лейлек районунун Жаңы-Жер айылынын 60 жаштагы тургуну Мехриниса Нурматова таарга 9 түрдүү оймо салат. Аймактык кабарчы чебер айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, курак, саймадан тартып кол өнөрчүлүктүн барын өздөштүргөн. Атайын өз айылынын символу болгон илегилекти чокума сайма менен кездемеге түшүргөн.

«Кыргыз эли көчмөн эл болгондуктан илгертеден эле таарды көп пайдаланышкан. Таардан атка, төөгө, боз үйгө жабууларды, боолорду жасап келишкен. Менин таенем мыкты чебер болгон. Жаш кезибизде барыбызды отургузуп алып жүн тыттырып, боз үйдүн боолорун сокконду үйрөткөн. Азыр боого 9 түрдүү оймо түшүрөм. Ар бир буюмдун өзүнүн оймосу болот. Көчөттүн түрлөрү: чачкеп, кырк көчөт, кырк бутак, калем каш, кең тануу, кажары, найза учу, 9 дөбө, кочкорок. Ар бир оймо бири-биринен айырмаланып турат.

Мындан сырткары, курактын дагы түрүн курайм. Таңдай курак, кара каш курак, каттама курак, жоогазын курактардан кыздарга сеп даярдайм», - деди ал.

Чебер айым унутта калып бара жаткан саймаларды кайрадан иштеп чыгууда.

«Суулап сайган, чокуп сайган саймаларды кайрадан колго алдым. Лейлек району илегилектин мекени болгон. Мындан улам чокуп сайган сайма менен илегилектин жана айгүл гүлүнүн сүрөтүн түшүрдүм», - деди Мехриниса айым.

Чебер таарлардан түрдүү капчыктардан тартып баштыктардын түрүн жасайт. Баштыктардын баасы 500 сомдон жогору бааланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2665
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×