Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 14.04.2017 11:52

Май ташыган унаалар салык төлөбөш үчүн Лейлектен Тажикстанга өтүп кетип жатышат

Turmush -  Лейлек районуна келген күйүүчү-майлоочу майлардын 75%ы аткезчилик жол менен келет. Бул тууралуу Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов билдирди.

Анын айтымында, майлардын 25%ы гана мыйзамдуу жол менен ташылат. Лейлек районуна бир ай ичинде 16 миң 500 тонна күйүүчү май өткөн. Бирок ошол эле учурда күйүүчү майга болгон райондун муктаждыгы айына 2500 тонна же күнүнө 83 тоннаны гана түзөт.

«Кыргыз-тажик чек арасы такталбагандыгынан, ишкерлердин салыкты төлөбөй мыйзамсыз иш жүргүзүп жаткандыгынан өлкөгө олчойгон зыян келүүдө», - деди аким.

Чек аранын такталбаганы же зымдар менен тосулбаганы чек ара кызматкерлерине да түйшүк жаратып келет. Лейлек районундагы кайсы бир күйүүчү май бекетине багыттама алган унаа түз эле тажик тарапка өтүп кеткен учурлар арбын. Бирок ушул жылдын башынан бери чек арачылар тарабынан кармалып, орточо базар баасында эсептелген 3,5 млн сомдук аткезчилик жүк тийиштүү кызматтарга өткөрүлүп берилген.

«Аткезчилик жүктөр мамлекеттик чек арада кармалган. Алардын ичинде күйүүчү-майлоочу майлар, курулуш материалдары бар. Ордунда, белгиленген тартипте иш кагаздары түзүлүп тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилүүдө», - деп билдирди Баткен чөлкөмдүк чек ара башкармалыгынын башчысы Замирбек Мийзаев.

Мамлекеттик салык кызматынын Лейлек району боюнча башкармалыгынын жетекчиси Мусабек Якуповдун айтымында, май ташыган унаалар боюнча аларда маалымат бар.

«Лейлек районуна келген ар бир күйүүчү май ташыган унаалардын толук маалыматтары бизге Салык кызматынын борбордук аппаратынан келип турат. Ошол маалыматтардын негизинде биз толук салыктарды төлөтүп алууга аракеттерди көрүп жатабыз. Бирок, ошентсе да кыйынчылыктар болууда. Кээ бир ишкерлер салык төлөөдөн качат. Келген күйүүчү майларды май куюучу бекетке куйбастан кандайдыр бир жолдор менен Тажик Республикасына өткөрүү менен салыктан баш тартышууда», - деди Якубов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×