При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

«Мекендештер»: Москвада ашпозчу болуп эмгектенген баткендик А.Мыктыбекова поэзия дүйнөсүндө жашайт (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы – Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарынын 26 жаштагы тургуну Аида Мыктыбекова.

а мыктыбекова

Ал бир жылдан бери Москвадагы ресторандардын биринде ашпозчу болуп эмгектенип келет.

«Ресторанда айына 35 миң рублдин тегерегинде эмгек акы табам. Башында жумуштан аябай кыйналдым. Ата-энемди да сагынып жүрдүм. Келечекте бардык улуттун тамак-ашын жасай алган мыкты ашпозчу болгум келет», - деди ал.

А.Мыктыбекова бош убактысында чыгармачылык менен алектенип, ыр жазат.

а мыктыбекова (2)

«Бош убактымда ыр жазып, аларды топтоп жатам. Өзүм «Султан Ахмед» медресесинен билим алгам. Ал жактан алган билимим жашоодо чоң жардамын берүүдө. Москванын жашоосун айтсам, бул жер аябай өнүккөн шаар экен. Элдери да сылык жана маданияттуу келишет», - деди мекендешибиз.

Ал үй-бүлөдө 4 бир туугандын ортончусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 519
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×