Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Баткен

Баткендеги дарыгерлердин спорттук мелдештери өтүп жатат

Turmush -  Баткен шаарында медицина кызматкерлеринин арасында спорттук мелдештер өтүп жатат.

Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин кесиптик биримдигинин Баткен облусундагы төрагасы Апыз Кочкоровдун айтымында, волейбол, кичи футбол, стол үстүндөгү теннис, шахмат боюнча мелдеш медицина кызматкерлеринин өздөрүнүн ден соолугун чыңдоо жана татыктуу эс алууну айкалыштыруу максатында өтүп жатат. Мелдешке шаардык жана райондук медициналык мекеме-ишканалардан 5 команда катышууда.

Уюштуруу иштерине саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин кесиптик биримдигинен 40 миң сом, шаардык мэриядан 24 миң сом бөлүнгөн. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Мындай мелдештер Кадамжай, Кызыл-Кыя аймактарында да өтөт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1064
×