Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Баткен

Баткенде мунайзатты аткезчилик жол менен ташууга бөгөт коюуга аракеттер көрүлүп жатат

Turmush -  Баткен облусунда мунайзатты аткезчилик жол менен ташууга бөгөт коюу боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Бул тууралуу облус жетекчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 3-мартында Баткен облусуна 479 миң 617 литр күйүүчү-майлоочу заттар келген. Анын ичинен 330 миң 362 литри дизелдик отун, 149 миң 255 литри бензин. Райондор жана шаарларды алганда күйүүчү-майлоочу заттарын эң көп агымы Лейлек районуна ташылганы белгилүү болгон. Себеби ал жакта башка райондорго салыштырмалуу эң көп, жалпысынан май куюучу 72 бекет катталган. Мониторинг боюнча Лейлек районуна карай бир ай ичинде 16 миң 500 тонна күйүүчү май өткөн. Бирок, ошол эле учурда күйүүчү майга болгон райондун муктаждыгы айына 2500 тоннаны же күнүнө 83 тоннаны гана түзөт. Бул көрсөткүчтөр күйүүчү майдын аткезчилик жол менен ташылып жаткандыгынын негизги себептери болуп жатат. Анткени Лейлек районундагы май куюучу бекеттердин көпчүлүгү чек ара тилкесинде турат жана андан кошуна Тажикстандын жарандары пайдаланышат.

Баткен облусунун аймагына келген күйүүчү-майлоочу материалдарды жана башка мыйзамсыз жүктөрдү эсепке алуу жана талдоо максатында, ошондой эле кошуна мамлекеттерге мыйзамсыз экспорттоого өз убагында чара көрүү үчүн атайын жумушчу топ 24 саат бою мониторинг иштерин жүргүзүүдө. Алар тарабынан Баткен облусуна келген күйүүчү-майлоочу заттар иликтенип жана салыштырма анализ жүрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1712
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×