Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Баткен

Баткендеги дарыгерлердин спорттук мелдеши өттү

Turmush -  Бүгүн, 11-апрелде Баткен райондук ден соолук комитеттери Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун медициналык кызматкерлери менен волейбол боюнча спорттук мелдеш өткөрүштү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Баткен райондук айылдык ден соолук комитетинин төрайымы Кундуз Бадалованын айтымында, айылдык ден соолук комитетинин фондунан атайын акча каражаты каралып, «Кургак учуктан айыгат» иш-чарасы өтүп жатат. Аталган иш-чаранын максаты — айылдагы ден соолук комитеттеринин ишин жандандыруу, кургак учуктун алдын алуу жана айымдарды сергек жашоого үндөө.

Мелдешке «Ден соолук», «Ынтымак» жана «Айгүл» командалары катышты. Жыйынтыгында 1-орунга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун «Ден соолук» командасы, 2-орунду «Ынтымак», 3-орунду «Айгүл» командалары ээлеп, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1143
×