Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Баткен

Баткенде 6%дык насыя берилип жатат

Turmush -  Баткен районунда айыл чарба жана дыйканчылык тармагына насыя берилип жатат. Бул тууралуу Баткен районунун акиминин орун басары Таалайбек Ибраимов билдирди.

Маалыматка караганда, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагына 6% менен 3 жылдык мөөнөткө, дыйкан жана фермер чарбасына 10% менен 3 жылдык мөөнөткө жеңилдетилген насыялар берилет. Учурда айыл чарба тармагында район боюнча 34 адам 6 млн 850 миң сом арзандатылган насыя алды. Былтыркы жылы мындай арзандатылган насыялар 1 млн 200 миң сомго чейин берилсе, быйылкы жылы 3 млн сомго чейин бериле турган болду.

Учурда документтерди кабыл алуу улантылууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1499
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×