При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 23-июнь
68.83    76.88    1.14    KZT 0.21

ӨКМдин Сүлүктүдөгү кызматкерлери унаа жолду жер көчкүдөн тазалап жатат (фото)

Turmush -  Сүлүктү шаарында жер көчкү жүргөн аймакта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар тарабынан жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол салынып жатат.

Кечээ Лейлек району менен Сүлүктү шаарын бириктирип турган негизги жолго жер көчкү түшүп, унаалардын каттамы токтогон. Маалым болгондой, жер көчкөн Кызыл-Бел аймагындагы жол кеңейтилип жаткан.

Учурда жергиликтүүлөр эски унаа жолдон каттап жатат.

Кечээ, 9-апрелде саат 10:55 чамасында Исфана—Сүлүктү унаа жолунун 14-чакырымын жер көчкү тосуп калган. Көчкүнүн көлөмү болжол менен 10 миң метр кубга жеткен. Аймактык кабарчыга маалымдалгандай, жер көчкүдөн адамдар жана турак үйлөр жабыр тарткан жок.

Көчкү түшкөн аймак №13 жол тейлөө ишканасынын балансында турат. Ишкана жолду көчкүдөн тазалоо иштерине керектүү техникаларды бөлгөн. Аталган аймакты ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын башчысы К.Курганбаев жетектеген ыкчам топ жеринде көрдү. 
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 353
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×