Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 09.04.2017 11:06 На русском

Полковник Ж.Дубанаев Кадамжай РИИБдин башчылыгынан бошотулду

Turmush -  Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Жигиталы Дубанаев кызматынан бошотулду. Turmush басылмасынын кабарчысына маалым болгондой, Ж.Дубанаев жетекчиликтен мурунку жумада бошотулган. Ал тууралуу тиешелүү буйрукка ички иштер министри Улан Исраилов кол койгон.

Полковник Ж.Дубанаев бул кызматка 2016-жылдын январь айынын ортосунда мурунку министр Мелис Турганбаевдин буйругу менен дайындалган. Ага чейин Ж.Дубанаев Лейлек РИИБди 4 жыл жетектеген. Ал эми, Кадамжай РИИБдин ошол кездеги башчысы Мурат Тогузаков пенсияга узатылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×