Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Баткен

Фоторепортаж - Баткенде чоң масштабдагы «Өрүк гүлү - 2017» фестивалы өтүп жатат (видео)

Turmush -  Бүгүн, 8-апрелде Баткендин Кызыл-Бел айылында «Өрүк гүлү - 2017» эл аралык фестивалы өтүп жатат. Аймактык кабарчы билдиргендей, иш-чарага Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын, кошуна Тажик Республикасынын Исфара районунун жана бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Чоң масштабдагы фестивалдын алкагында өрүктөрдүн жармаңкеси боюнча айыл өкмөттөр арасында сынак жүрүп жатат. Жармаңке-көргөзмөгө өрүк гүлү, өрүк жыгачынан жасалган буюмдар, өрүктүн кургатылган мөмөсү жана өрүктөн жасалган шербет, кыямдын түрлөрү чыгарылган. Ошондой эле, өрүктү даңазалаган акындар арасында обондуу ырларды аткаруу боюнча сынак өтөт.

Райондун акиминин орун басары Кишимжан Кыдырованын айтымында, фестиваль Баткен өрүгүн дүйнөгө жайылтуу, анын баалуулуктарын, дарылык касиетин даңазалоо максатын көздөйт.

«Бүгүн өрүкзарыбызды даңазалаган дагы бир иш-чара өтүп жатат. Атайын Тажикстан Республикасынан коноктор чакырылып, 60 өкүл келди. Муну менен эки элдин биримдигин бекемдөө, кызматташуу максатын көздөйбүз», - деди К.Кыдырова.

Маалымат боюнча, облус аймагында өрүктүн 20га жакын түрү бар, жылына 20 миң тонна тоннага жакын түшүм алынат.

5

4

3

2

1

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4614
Көп окулду
×