Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Баткен

Баткендик 30га жакын окуучуну Бишкектеги искусство университетине окутуу пландалууда

Turmush -  Быйыл Бишкек шаарындагы Б.Бейшеналиева атындагы искусство университетине келишимдин негизинде Баткенден 30га жакын жаштар окууга жөнөтүлөт. Бул тууралуу А.Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрынын жетекчиси Бакыт Акматов билдирди.

Анын айтымында, учурда аталган театрда кадр маселеси чоң көйгөй болуп жатат. Мында иштегендердин дээрлик бардыгы искусство жаатында атайын билим алган эмес. Болгону өздөрүнүн тубаса таланттары менен гана иштеп келишет. Искусство жаатында окууга тапшырган балдар-кыздар кайтып келбей, шаарда калууда.

«Бул көйгөйдү чечүү максатында Б.Бейшеналиева атындагы искусство университетинин ректору менен келишим түзүп, быйыл 30га жакын таланттуу балдар-кыздарды жөнөтүүнү пландап жатабыз», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3594
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×