Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Баткен

Эки жыл бою Баткенде көзү ооругандарга операция жасайм, - дарыгер А.Ибраимова (маек)

Turmush -  Баткен облустук бириккен ооруканасында көз оорулар бөлүмү ачылгандан бери дарыгерлер бөлүмгө алынып келген заманбап медициналык жабдуулардын жардамы менен бейтаптарды дарылоого, айрымдарына операция жасоого киришти. Аймактык кабарчы Баткенде көзү ооруган бейтаптарга операция жасоо үчүн келген Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун көз оорулар бөлүмүнүн башчысы Айгүл Ибраимова менен маектешти.

- Айгүл Асановна Баткен жергесине куш келиңиз. Иш сапарыңыздын максатына токтолсоңуз.

- Көз оорулары боюнча 25 жылдан бери дарыгер болуп иштейм. Бул жылдар аралыгында көз оорусунун көп түрү боюнча операцияларды жасадым. Эми минтип Баткен элинин муктаждыгы болгон көз оорулар бөлүмү ачылып, атайын долбоордун алкагында Баткен облустук бириккен ооруканасына эс алуу күндөрү келип, эмгектенип турам.

- Сизден соң бул жакта ким эмгектенет? Жергиликтүү кадрлардан даярдалып жатабы?

- Албетте, долбоордун алкагында бул жакта жаш кадр Асанбаева Бурулайга өзүмдүн тажрыйбам менен бөлүшүп жатам. Квалификациясын жогорулатып, көз ооруларына байланыштуу заманбап аппараттар менен иштөөнү, көз ооруларына так диагноз берүүнү, сапаттуу операция жасоону жана көз ооруларын алдын алуу жолдорун окуп үйрөндү. Эми ар бир операцияда мени менен чогуу болот. Бул жаш дарыгер операцияларды өз алдынча жасоого киришкенге чейин чогуу болом.

- Көз ооруларына операция гана жасайсызбы же дарылап, кеп-кеңешиңизди да бересизби?

- Көзү ооруган бейтаптарга мүмкүнчүлүктүн жетишинче кеңеш берип, дарылап, операцияга муктаж болсо жасайм. Учурда 40тан ашуун бейтап операцияга кезекте турушат. Эртеңки күндөн тарта аларга операция жасап баштайм. Кудайым буйруса бир жумага калбай көпчүлүк бейтапка операция жасайм деген оюм бар.

- Операция жасоого орнотулган жабдуулар толук жетиштүүбү?

- Ооба. Мындай «Цейс» микроскоп аппараты Кыргызстанда үчөө эле. Ошонун бири Баткенде. Ушул эле долбоордун алкагында көз ооруларына сапаттуу операция жасоо үчүн Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына да коюлду. Бул жабдуу дүйнө жүзүндөгү көз оорулар үчүн микроскопторду чыгарган эң жакшы заводдон алынып келди. Көздү 10, 16, 20 эсе чоңойтуп көрсөтөт. Буюрса көз ооруларына так диагноз коюуга, дарылоого жана операция жасоого шартыбыз жетиштүү.

- Сиз айтып жаткан долбоор жана бөлүмдү каржылаган булактар жөнүндө да маалымат берип өтсөңүз?

- Сөзсүз белгилеп кетишибиз керек. Анткени буга чейин Баткен чөлкөмүнүн эли дарылануу үчүн Кызыл-Кыя, Ош, Бишкек шаарларына барып жүргөн. Эми минтип Баткенде өзүнчө көз оорулар бөлүмү ачылып, болгондо да заманбап жабдуулар менен камсыздалып, операциялар жасалып баштаганы чоң жетишкендик. Бул демилге Кызыл ай коомунун колдоосу менен Швейцариянын Кызыл чырым уюму тарабынан каржыланды. Бул иш-аракеттер Баткен облусундагы калктын саламаттыгын сактоо, медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу долбоорунун алкагында ишке ашты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1880
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×