Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 31.03.2017 12:35

Кадамжайдын дене тарбия жана спорт инструктору болуп К.Исрайилов дайындалды

Turmush -  Кадамжай райондук дене тарбия жана спорт инструктору болуп Курманбек Исрайилов дайындалды. Бул тууралуу Баткен облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 43 жаштагы Курманбек Исрайилов аталган кызматта 13-марттан тарта иштей баштады.

Курманбек Исрайилов мындан мурда 2000-2006-жылдары Кара-Дөбө айылындагы А.Орозбеков атындагы орто мектебинде дене тарбия мугалими, 2006-2011-жылдары Кадамжай райондук дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы, 2011-2017-жылдары чейин А.Масалиев айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары болуп эмгектенип келген. 2008-жылы «Спорттун отличниги» төш белгиси менен сыйланган.

Буга чейинки Кадамжай райондук дене тарбия жана спорт инструктору Абыт Шариров башка ишке которулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×