Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Баткен облусу, Баткен 30.03.2017 18:06

Баткенде «Күлкү өмүрдүн мүлкү» концерти өттү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 30-мартта Баткен облусунда «Күлкү өмүрдүн мүлкү» оюн-зоок, тамаша концерти өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

27-март — Театр күнүнө карата уюштурулган иш-чарада театр кызматкерлери тарабынан жазуучулардын чыгармалары сахналаштырылып, ыр-бийлер аткарылды. Облус башчысы Абиш Халмурзаев театр кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, мыкты театр кызматкерлерине грамоталарды тапшырды.

Ошондой эле, Баткен облустук телерадиокомпаниясы, Баткен ОИИБи тарабынан мыкты кызматкерлерге грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×