Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Баткен

Кызыл-Кыя шаарында 180 орундуу бала бакча ачылды (фото)

Turmush -  Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 180 орундуу «Баластан» бала бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Баткен облусунун жетекчилиги маалымдады.

Маалыматка караганда, «Баластан» бала бакчасынын имараты 1970-жылы курулган. Бирок 1990-жылы жабылып, имарат санитардык-эпидемиялык борборго берилген. 2016-жылы облус жетекчиси Абиш Халмурзаевдин демилгеси менен санэпидем борбору башка имаратка көчүрүлүп, бала бакча жергиликтүү бюджеттин жана гранттын эсебинен 8 млн сомго оңдолгон. Жаңы ачылган бала бакча 180 орунга эсептелип, балдар 6 тайпада тарбияланат.

Бүгүнкү күндө Кызыл-Кыя шаарында жалпысынан 13 бала бакчада 2 миңден ашык бала тарбияланууда. Облус жетекчиси Абиш Халмурзаев 2016-жылы облус аймагы боюнча 17 бала бакча ачылып, 1651 бала кабыл алынгандыгын, учурда облус боюнча 150 бала бакча болсо, анда 18 миң 253 бала тарбияланып жаткандыгын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1332
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×