Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Баткен

Баткенде кургак учук менен ооругандардын көпчүлүгү жаштар, - дарыгер Ж.Шарипов (маек)

Turmush -  Аймактык кабарчы Баткен облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун директору Жеңишбек Шарипов менен облустагы кургак учук дартынын көйгөйлөрү боюнча маектешти.

- Жеңишбек Абдимиталипович, кургак учук оорусу боюнча абал кандай болууда? Бул дарт менен жабыркагандар азайды деген маалыматтар туурабы?

-Ооба, былтыркы жылдарга салыштырмалуу аз болсо да азаюуда. Мисалы 2015-жылы 354 адам ооруган болсо, 2016-жылы 334 адам ооруду. Алардын ичинен 2015-жылы 14 жаш бала ооруса, 2016-жылы 12 бала ооруган. Ошондой эле, каза болгондор 2016-жылы 17 адам болсо, 2016-жылы 14 адам каза тапты.

- Облусубуздун кайсы аймагында жана кайсы курактагы адамдар көп жабыркап жатат? Анын себеби эмнеде?

- Баткен районунун аймагында бул ооруга чалдыккандар көбүрөөк. Тагыраагы 2016-жыл ичинде райондо 85 адам ооруган. Тилекке каршы ооругандардын 70-80%ы ишке жарамдуу курактагы, 18 жаштан 35 жашка чейинки жарандар. Анын себеби - миграциянын күч алышы. Бул аймакта чет жакта мигрант болуп иштеп келгендер көп. Алар Россия, Казакстан сыяктуу өлкөлөргө барып, оор шартта, күндүн суугуна карабай сырта эмгектенгендер. Жетиштүү тамактанбай, өздөрүнө жакшы көңүл бурушпайт. Ошондой эле, жашаган жерлери да талапка жооп бербейт. Бир бөлмөдө 30-40 киши жашайт. Мындай учурда бир киши кургак учуктун ачык түрү менен ооруса, ал бир үйдөгү кишилерге жугат. Бирок белгилеп кетчү нерсе, кургак учукту жуктурган кишинин бары эле ооруй бербейт. Эгер организми күчтүү болсо оорубашы мүмкүн. Алсыз болгон адамдар ооруйт.

- Кургак учукту дарылоо тартибине токтолсоңуз.

- Кургак учук оорусу менен ооругандар биздин өлкөдө акысыз дарыланат. Керектүү дары-дармектер жетиштүү. Дарылоо узак мөөнөткө созулгандыктан жатакана, тамак-аш менен камсыздалган. Ал эми дарылоо 8 айдан, 24 айга чейин созулат. Кургак учуктун ачык түрү менен ооругандар сөзсүз ооруканада жатып дарыланат. Учурда оорунун оор түрү менен ооругандар көп. Тилекке каршы бул оорунун белгилери кадимки сасык тумоого окшош болгондуктан көпчүлүк учурда жарандар байкабай өз алдынча дарыланып жүрө беришет. Качан гана жөтөлүп, дене табы көтөрүлүп, алсырап, кан кусуп калганда келишет. Мунун айынан үй-бүлө мүчөлөрүнүн барына жуктуруп, дээрлик үй-бүлөсү менен ооруп калган фактылар катталууда. Өкүнүчтүүсү жарандардын кайдыгерлигинен жаш балдар, карыган чоң эне, чоң аталарыбыз ооруп калууда. Анткени алардын организми алсыз болуп, мындай жугуштуу ооруларга туруштук берүүсү кыйын.

- Ооруну аныктоодо шартыңыздар кандай?

- Учурда лабораториябызда бейтаптын какырыгын текшерип, бир күндүн ичинде анализдин жыйынтыгын чыгарып аныктайбыз. Бир эле көйгөй учурда биздин рентген аппаратыбыздын бузулгандыгында болууда. Ооруну аныктоодо так диагноз коюуда бул рентгенибиздин жардамы чоң эле. Тилекке каршы акыркы 4 жылдан бери бул рентгенди оңдоочу адис табылбай келет. Бул маселени чечүү үчүн учурда активдүү аракеттерди көрүп жатабыз. Бүгүнкү күндө аппаратты Бишкек шаарына жеткирдик. Адистер менен сүйлөшүп жатабыз. Буюрса оң жагына чечилет деген үмүттөбүз.

- Кургак учуктан сактануу үчүн эмнелерди эске алуу зарыл?

- Ар дайым сергек жашоодо болуу керек. Спорт менен машыгып, таза абада сейилдөө зарыл. Пайдалуу, витаминдүү азыктар менен тамактанып, ызгаар сууктан этият болсо жакшы болот. Эгер эки жумадан ашык жөтөл, дене табынын көтөрүлүшү, алсыроо, салмактын азайышы сыяктуу алгачкы белгилери байкалаары менен дарыгерге кайрылса, кургак учукту толугу менен айыктырса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1200
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×