Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Баткен

Кыргызстандын өрүгү менен жаңгагын Кореяга экспорттоо керек, - Кореялык ишкер

Turmush -  Баткендин өрүгү менен Жалал-Абаддын жаңгагын Түштүк Кореяга экспорттоо керек. Бул тууралуу Кадамжайдагы атайын семинарда Түштүк Кореянын «БИО-АГРО» компаниясынын башчысы Лим Хюн Кванг билдирди.

Анын айтымында, аталган продукцияларды экспорттоонун үстүндө 1 жылдан бери аракет кылып келет.

«Жалал-Абаддын жаңгагын, Баткендин өрүгүн Кореяда сатып алуучулар даяр. Бирок, жаңгакты экспорттоодо аны кургатуу үчүн шарт жок экен жана ХАСП стандартына туура келбей жатат. Албетте, экспорттоодо фермерлердин жана министрликтин жардамы керек. Мен ишенем, муну биргеликте ишке ашырабыз. Болгону 3 нерсе: инвестор, экспорттоочу, жана фермер болсо бардык ишти аткарууга болот», - деди ал.

Ишкер буга катар эле фермерлерге кийим-кече, 3,5 млн сом жардам көрсөттү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1263
×