Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Баткен

Лейлекте кыргыз-тажик элдеринин «Сиздин үйүңүзгө тынчтык» иш-чарасы өттү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 17-мартта Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө коңшулаш тажик эли менен биргеликте Нооруз майрамына карата «Сиздин үйүңүзгө тынчтык» иш-чарасы өтүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Иш-чарага мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү тургундар катышты. Саамалык эки элдин ортосундагы достукту бекемдөө жана кийинки муундарга маданияттуулукту, достукту көрсөтүү максатында өткөрүлүп, оюн-зооктор, спорттук мелдештер уюштурулду.

Иш-чарадагы көк бөрү мелдешине 100дөн ашык улакчылар катышмай болду. Ага Тажикстандын Хистеварстан жана Овчи-Калача айылдарынан улакчылар келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1189
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×