Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-январь
Баткен облусу, Баткен 15.03.2017 18:07

Баткендеги окуучулар арасында «Манас таануу» таймашы өттү

Turmush -  Бүгүн, 15-мартта Баткен шаарында өткөн «Манас таануу» интеллектуалдык таймашында В.Ленин орто мектебинин окуучулары 1-орунду ээледи. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, 2-орунду Баткен шаарындагы гимназия, 3-орунду Лейлек районунан келген команда ээледи. Жеңүүчү командаларга «Манас» китептери, планшеттер, 1-2-3-даражадагы дипломдор тапшырылды.

9 команда катышкан сынактын жүрүшүнө Бишкек шаарынан келген манасчылар Саматбек Ибраев, Рыспай Исаков күбө болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×