Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Баткен

Баткенде А.Жайнаковду эскерүү кечеси өттү (фото)

Turmush -  КРнын Эл артисти Апаз Жайнаковдун 57 жылдыгына карата Кадамжай, Лейлек, Баткен райондорунун маданият кызматкерлеринин арасында ырчыны эскерүү кечеси өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маданият кызматкери Мамажан Козубаевдин айтымында, бул кечеде жеңүүчү болгондор Нооруз майрамында ырдашат.

«Иш-чараны өткөрүүдөгү негизги максат — А.Жайнаковдун ырларын эл ичине жайылтуу. Анын жашыруун жаткан ырлары көп, мына ошол ырларды эл ичиндеги өнөрлөрдөн уккубуз келет. Буйруса облустук гана эмес республикалык деңгээлде өткөрүүгө да күч жумшайбыз», - деди Козубаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1142
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×