Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Баткен

Кара-Булак айылынын башчысы К.Ашыралиева кызматынан бошотулду

Turmush -  Баткен районунун Кара-Булак айылынын башчысы Канаат Ашыралиева кызматынан өз арызынын негизинде бошотулду. Бул тууралуу Баткен райондук администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин аталган айылдын тургундары айыл башчысынын ишине канаатттанбай турганын билдирип, аны жумушунан бошотуу боюнча Кара-Булак айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин депутаттарына арыз менен кайрылышкан. Арыздын негизинде 3-март күнү жергиликтүү бийликтин жана элдин катышуусунда атайын жыйын болуп, бул маселе каралган. Бирок, ызы-чуу болуп, маселе чечилген эмес. Кийин Канаат Аширалиева айыл өкмөт башчысы Ачыл Бекташевге кызматынан кетүү боюнча арыз жазып берген.

Канаат Аширалиева айыл башчысы болуп 2 жыл иштеди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1251
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×