Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баткен облусу, Баткен 03.03.2017 13:23

Быйыл Баткенде 66 миң гектардан ашык аянтка дыйканчылык кылынат

Turmush -  Быйыл Баткен облусунда 66 миң 233 гектар аянтта дыйканчылык иштер аткарылат. Бул тууралуу облус жетекчилигинин аймакты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Хамраев билдирди.

Анын айтымында, эгиндерди суу менен камсыз кылуу максатында ирригациялык тармактарды, насостук станцияларды оңдоого 25 млн сом бөлүндү. Учурдагы үрөн чарбалары калкты үрөн менен 27% гана камсыздайт.

Мындан тышкары, Баткен облусу боюнча 600 млн сомдук товар сатылган болсо, 876 млн сомдук товар сатылып алынган. Кичи жана орто бизнес боюнча 1863 ишкана каттоодон өткөнү менен алардын ичинен 294 ишкана гана иштейт. Негизги экспорттолуучу товар катары өрүк, күрүч, эт эсептелет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×