Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Баткен

Кадамжайда «Дил ордо» чыгармачылык борбору ачылды

Turmush -  Кадамжай районунда Молдо Нияз атындагы «Дил ордо» чыгармачылык борбору ачылды. Бул тууалуу Кадамжай райондук борборлоштурулган китепкана тармагынын директору Гүлбара Алиева билдирди.

Анын айтымында, Кадамжай районундагы акындар, сүрөтчүлөр, тарыхчылар чогулуп адабий кече өткөрүшкөн. Жыйында ар тараптуу чыгырмачыл адамдардан турган Кадамжай райондук Молдо Нияз атындагы «Дил ордо» чыгармачылык борбору түзүлүп, анын төрагасы болуп Курсан Пахыров шайланды. Ошондой эле атайын комиссия түзүлдү.

Аталган борбордун максаты — атайын жобо иштеп чыгып, район боюнча ыр жазган адамдардын ырларын топтоп, райондогу 18 айылдык китепканаларда сактап, окурмандарга таратуу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 998
Көп окулду
×