Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Баткен

Баткен шаарында 160 орундуу «Данектай» бала бакчасы ачылды

Turmush -  Бүгүн, 2-мартта Баткен шаарында 160 орундуу «Данектай» бала бакчасынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, бала бакчанын 60 оруну типтүү, ал эми 100 оруну жамааттык болуп саналат. Аталган балдар бакчасы көп жылдардан бери пайдаланылбай жаткан имаратта ачылды. Имаратты кайрадан оңдоо, кошумча курулуш иштерин жүргүзүү жана эмеректер менен камсыздоо үчүн шаардын бюджетинен 2 млн 681 миң 321 сом жумшалган. 60 орундуу типтүү бала бакчасын эмеректер менен камсыздоо үчүн «Айылдык демилгелерди колдоо» долбоорунан 520 миң сом колдоо көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары, 100 орундуу жамааттык бала бакчасын уюштурууда Билим берүү жана илим министрлигинин атайын долбоору менен Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан 10 миң доллар каражат берилген.

Иш-чарага шаар мэри М.Рахимов, жергиликтүү тургундар катышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2054
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×