Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Баткен

Баткен облусунда «Жоокер ыры» сынагынын шаардык туру өттү

Turmush -  Баткен облусунда «Жоокер ыры» сынагынын шаардык туру өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, сынакка шаардагы мектептердин окуучулары катышты. Анда окуучулар ырдап, чыгармаларды көркөм окуп жана башка тапшырмаларды аткарышты. Жыйынтыгында 1-орунду Баткен облустук гимназия-жатак мектебинин окуучусу Сыймык Эгембердиев, 2-орунду В.Ленин атындагы орто мектебинин окуучулары, 3-орунду Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин окуучулары ээледи.

Ал эми, «Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон аткаруучу» наамына А.Имаров атындагы орто мектебинин окуучусу Нишанбай уулу Бекжан, «Мыкты аткаруучу» наамына В.Ленин атындагы орто мектебинин окуучусу Элдияр уулу Мирбек татыктуу болушту. Сынактан жеңип чыккан катышуучулар Баткен шаарынын мэриясынын 1-2-3-даражадагы дипломдору менен сыйланышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1190
×