Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Баткен облусу, Баткен 01.03.2017 15:36

Быйыл Баткен шаарынын бюджетин 70 млн сом өлчөмүндө бекитүү сунушталат

Turmush -  Быйыл Баткен шаарынын жергиликтүү бюджетин 70 млн сом өлчөмүндө бекитүү сунушталат. Бул тууралуу Финансы министрлигинин Баткендеги башкармалыгынын бюджеттик-финансылык координациялоо бөлүмүнүн башчысы Замирбек Камчиев билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылы шаардык бюджет 64 млн сом өлчөмүндө бекитилген.
Баткен шаардык кеңешинин Финансы, экономика, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясы бюджеттен каржылануучу шаардык мекеме-ишканалардын 2017-жылга карата киреше жана чыгашаларынын долбоорлорун талкуулап жатат. Талкуунун жыйынтыгы менен жалпы долбоор шаар депутаттарынын сессиясында сунушталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×