Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Баткен

Кадамжайда «Ак элечек апалардын ак батасы» сынагы өттү (фото)

Turmush -  Кадамжай районундагы Жолдошбек Мамажанов атындагы маданият үйүндө «Ак элечек апалардын ак батасы» сынагы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Иш-чара быйылкы Ыйман, адеп жана маданият жылына карата уюштурулду. Анда патриоттук ырлар аткарылып, элдик музыкалык аспаптар чертилип, каада-салттар көрсөтүлдү. Сынакка Орозбеков, Халмион, Бирлик, Масалиев, Чаувай, Марказ, Алга, Ак-Турпак, Үч-Коргон, Майдан айыл өкмөттөрүнөн, Айдаркен, Кадамдай шаарларынан келген командалар катышты.

Жыйынтыгында 1-орунга Марказ айыл өкмөтү, 2-орунга Ак-Турпак айыл өкмөтү, 3-орунга Айдаркен айыл өкмөтү ээ болду. Жеңүүчүлөргө кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1151
×