Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баткен

Россияны сагынам, бирок Баткенди таштап кете албайм, - россиялык мугалим менен маек

Turmush -  Москва шаарынан мындан 50 жыл мурда Баткен жергесине мугалим болуп иштөө үчүн келген орус кызы Лидия Амиралиева бактысын таап, сүйүктүү жар, мээримдүү эне, мамлекетке эмгеги сиңген мугалим болду. Жарым кылым өмүрүн мугалимдик кесипке арнап, өзүн «баткендикмин, кыргызмын» деп эсептеген мугалим менен аймактык кабарчы баарлашты.

Амиралиева Лидия

- Лидия Дмитриевна, Баткен жергесине кантип келип калдыңыз? Кантип кыргыз жигити менен баш коштуңуз?

- Мен Москвада төрөлүп, ошол жакта өстүм. 1967-жылы Москвадагы педагогикалык окуу жайын аяктадым. Мени окуу жайдан Кыргызстандын Баткен деген районуна барып 3 жыл иштеп бересиң дешти. Союз убагы болчу. Ал кезде кайсы аймакта кайсы адистер жетишпей жатса жаш кадрларды жолдомо менен ошол жакка кызматка жиберчү. Ошентип мен жолдомо менен Москвадан Баткенге келип, орус тили сабагынан мугалим болуп иштеп калдым. 3 жыл иштеп кайра кетсем болмок, бирок бул жактан мен өзүм менен чогуу иштеген жаш мугалим Сапарали Амиралиевге турмушка чыгып, калып калдым. Быйыл Баткенге келгениме жана мугалим болуп эмгектенгениме 50 жыл толот.

- Башка улутка жана алыска турмушка чыкканыңызды ата-энеңиз кандай кабыл алды?

- Ар бир эле ата-эне өз баласын жанында болуусун каалайт. Мен турмушка чыгуу чечимимди айтканымда апам жолдун алыстыгын айтып кыйла кейиди. Тоюбузга келем деп, бирок эжем ооруп калып келе албай калган. Кийин биз 1 балалуу болгондо Москвага бардык. Апам "алыска кеттиң" деп бир аз чыр чыгарды. Бирок атам күйөө баласынын таламын талашып, каршы эмес экенин билдирди. Кийин апам бир нече ирет Баткенге келип кетти. Ага да Баткен жакканын айтып калчу. Күйөө баласы менен апам да, атам да аябай жакшы мамиледе болуп жүрүштү.

- Үй-бүлөңүз тууралуу айтсаңыз.

- 2 балам бар. Кызым да, балам да биздин жолду жолдоп, мугалимдик кесипти тандады. Күйөө балам да, келиним да кыргыз улутунан. Учурда 6 неберем бар. Бары ийгиликтүү окуп, иштеп жүрүшөт. Ар дайым алардын ийгилигине кубанып жашайм. Жолдошум Сапарали Амиралиев өмүр бою мугалим болуп иштеди. Мыкты мугалим, мыкты жар, мыкты ата жана мыкты инсан болчу. Мындан бир нече жыл мурда кайтыш болду.

- Жарым кылым убактан бери эл агартуу тармагында иштеп келесиз, эмгегиңизден тапкан ийгилигиңиз менен бөлүшсөңүз.

- Көп жылдык эмгегим бааланып, 2010-жылы «Эмгек сиңирген» мугалим деген наамга татыдым. Ага чейин деле «Эл агартуунун отличниги» болчумун. Мындан башка да көптөгөн мамлекеттик сыйлыктарга жетиштим. Менин эң негизги ийгилигим — окуучуларымдын ийгилиги. Мен бул жылдар аралыгында көптөгөн окуучуларды олимпиадаларга даярдадым. Экинчи, үчүнчү орунду айтпаганда эле, 4 ирет республикалык олимпиадаларда 1-орунду ээлеп келишти. 2 окуучум эл аралык олимпиадага да катышып, байгелүү орундарды камсыз кылуу менен мени кубантты.

- Түйшүктүү, жоопкерчиликтүү кесипке чыдабагандар да жок эмес. Мугалимдик кесип сизге эмнеси менен артык?

- Мен окуучуларсыз бир күнүмдү да элестете албайм. Аларсыз жашай албайм. Көрбөй калсам кадимкидей сагынам (көзүнө жаш алды). Бир ирет мен ооруп, ооруканага жатып калдым. Окуучуларым күн сайын биринин артынан бири ооруканага барып, менден кабар алып жатышты. Ар кандай жол менен нөөмөттө тургандарды алдап, мен жаткан бөлмөгө кирип жатышты. Мен аларды кучактап, беттеринен өөп сагынычымды жазам. Ошондуктан эс алууга чыксам да сүйгөн кесибим менен иштеп келем. Өмүр бою окуучулар менен чырдашпадым. Сабак өткөндө чарчабайм, кайра эс алам.

- Бул суроом катуу тийсе кечирим сурайм. Бирок көпчүлүк башка улуттун өкүлдөрү жашы улгайган мезгилде өз мекенине кайтып кетишет. Сизде мындай ой жокпу?

- Мен орус кызымын, бирок көбүрөөк кыргыз келинимин. Бул жерде менин жалындаган жаштыгым өттү. Жолдошум менен бактылуу күндөрүм өттү. Алгач келгенимде 18 жаштагы, көп нерсени баамдабаган кыз элем. Ушул жерден өстүм, бала-чакалуу болдум, досторду, кесиптештерди, туугандарды таптым. Эми эч жакка кетпейм. Россияда азыр да бир туугандарым «эми келбейсиңби» деп чакырышат. Бирок мен жолдошумдун күмбөзүн, бала-бакырамды, сүйгөн жумушумду таштабайм. Россияны сагынам, бирок Кыргызстанды таштап кете албайм. Баткен менин мекеним.

- Маегиңиз үчүн рахмат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 13619
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×