Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Баткен

Баткендеги окуучулардын олимпиадасында түшүнбөстүктөр жаралды

Turmush -  Баткен облусунда базалык багытта билим алган окуучулардын предметтик олимпиадасына тереңдетилген багытта билим алган окуучуну катыштырып коюшту. Бул тууралуу Газ орто мектебинин мугалими Алтынай Макарамова билдирди.

IMG-20170228-WA0074

(Алтынай Макарамова)

Анын айтымында, буга чейин тереңдедилген багыт менен базалык багытта билим алган окуучулардын арасында олимпиада бирге өтүлгөн эмес.

«Менин окуучум математика предмети боюнча базалык багытта билим алган жана ал базалык багыттагылар менен гана сыналышы керек. Алардын арасында тереңдетилген багыттагы Сүлүктү шаардык №9 гимназия-мектебинин окуучусу да кирип, алдыга чыкты», - деди мугалим.

Газ орто мектебинин директору Зулпукар Балтабаев облустук олимпиададагы комиссиялардын курамында олимпиадага катышкан окуучулардын мугалимдери да бар экенин, алар начар окуган окуучусун дагы жогору баалай турганын билдирди.

IMG-20170228-WA0075

(Зулпукар Балтабаев)

Ал эми апелляция комиссиясынын төрайымы Мээринса Айжигитова маселенин чечилгенин айтты.

IMG-20170228-WA0076

(Мээринса Айжигитова)

«Арызда окуучунун аты-жөнү базалык багыттагылардын тизмесинде турган. Ал тизме боюнча окуучу сынакка кирген. Бирок, сынак учурунда башка окуучулар нааразычылык билдирип, биз алардын айтуусу боюнча изилдөө жүргүзүп, ал маселе такталып оң жагына чечилди. Ал окуучу кайрадан тереңдетилген багытка киргизилди. Ал базалык багытта 1-орунга чыкса, тереңдетилген багыттагы окуучулардын арасында 5-орунда кетип жатат. Техникалык жактан катачылыктар кетип, бирок аны өз жайына келтирдик.

Ал эми, комиссиянын курамына мугалимдерди кошконубуздун себеби реалдуулук. Ал жерде окуучунун укугу тепселенбеши үчүн ар бир команданын өкүлдөрүнөн комиссиялардын курамына кошконбуз. Алар окуучусуна тарта албайт, болгону окуучунун милдеттерин гана карап турушат. Калыстар да мугалимдер карап турганы үчүн калыстык менен иш алып барышат», - деди Айжигитова.

Аталган олимпиадалык сынакка жалпы 261 окуучу катышып жатат.

IMG-20170228-WA0072

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1299
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×