Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Баткен

«Кадамжай» сурма комбинатынын иши кайра жанданат

Turmush -  «Кадамжай» сурма комбинатынын иши кайра жанданат. Бул тууралуу комбинаттын кызматкери Аслан Маккамбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө комбинаттын жетекчилиги тарабынан кытайлык ишкана менен эки тараптуу кызматташтык меморандумга кол коюлуп, келишим түзүлгөн.

Келишим боюнча, 793 миң 845 долларга 8 жүк ташуучу унаа алынат. 46 миң долларга комбинаттын химиялык лабораториялары оңдолуп, 1 млн 818 миң долларга кичи завод курулат. Аны менен күнүнө 500 тонна руданы кайра иштетип, 20 тонна даяр өнөр жай продукциясын иштеп чыгууга мүмкүнчүлүктөр түзүлө баштайт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1005
×