Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Баткен

Элдик уламыш: Сыры азыркыга чейин ачыла элек Кан чебинин баяны (фото)

Turmush -  

Баткен районунун аймагында байыркы жана орто кылымдарга таандык бир топ археологиялык жана тарыхый эстеликтердин бар экендиги маалым.

Тарых илимдеринин кандидаты, доцент Авдинаби Кадыров топтогон маалыматтар боюнча, мындай ири тарыхый эстеликтердин бири – Кан чеби (Кудаяр хандын чеби). Ал райондун аймагындагы тоолуу, кууш капчыгайда, дарыяны бойлой кеткен жол боюндагы дөңсөө жерди атайын тегиздеп, бул чептен капчыгайдын дээрлик башынан аягына чейин жана Кожо-Ашкан тарапты да толук көзөмөлдөп турууга ыңгайлашкан жерге, сууну бир топ ылдыйдан кол менен ташып, бир канча жумушчу күчү менен салынгандыгы бир көргөн көзгө дайын болуп турат. Ал жөнүндө тарыхый маалыматтарда: «Кокон хандыгынын чеби. XVIII кылымдын аягы, XIX кылымдын орто ченинде кытайдын чек арасына жакын бийик дөңсөөгө тургузулган. Сакталып калган дубалдарынын бийиктиги 2-2,7 метрге, (алгачкы бийиктиги 3,2 метр) туурасы 1 метрге жетет. Бажыкана анын айланасындагы көчмөн калктан зекет чогултуучу жер катары кызмат кылган. Анда Кокон хандыгына каршы кыргыздардын көтөрүлүштөрүн басуу үчүн гарнизон турган. Кыргызстан Россияга кошулгандан кийин бул чеп пайдаланылбай калган», деп кыскача гана жазылган.

Бул учкай гана берилген маалыматтан тышкары бул чеп жөнүндө башка далилдүү маалыматтар жокко эсе же бир да окумуштуу же атайын адис бул чепти атайын изилдөөгө алган эмес. Чептин негизгиси – жогорку бөлүгү, 4,9 гектар аянтты ээлейт. Ал эми экинчи коргон 1 гектар аянтты тегерете курчаган. Эки коргон тең пакса менен урулуп, бурчтарында, көрүнөө жерлеринде цилиндр формасындагы имараттар – кароолканалар, кызмат бөлмөлөрү курулган. Эки коргондун бири-бирине өтмө жолу да курчоо аркылуу туташкан. Дубалдын 1-1,5 метр бийиктигинде мылтык учу эркин баткандай көзөнөктөр жайгашкан.

Элдин айтымында, бул чеп Кокон хандыгынын акыркы бийлөөчүлөрүнүн бири Кудаяр ханга таандык деп айтылат. Бирок жергиликтүү тургундар Кудаяр хандын бул чепти курууга келбегендигин, аны анын бир аялы курдурган имиш деген гана кеп бар экендигин айтышат.

Ал эми эл оозундагы дагы бир айтым боюнча, бул чепти ашуунун ары жагындагы Кара-Тегинден келген сарт усталар жай алды менен башташып, эл жайлоодон келген учурда башкача айтканда акыр күздө бүтүрүп кетишкен экен. Кандай болгон учурда да бул чептин атайын коргонуу үчүн курулгандыгын ал курулуштун өзгөчөлүгү жана жайгашкан орду толук далилдеп турат. Анткени бул тоо арасындагы албууттанган дарыяны бойлой кеткен жалгыз аяк жол бир топ татаал жана кооптуу болгондугуна карабастан, Фергана өрөөнүнүн түштүк-чыгыш тарабын камтыган бул аймактан Сохтон – Бухаранын байыркы «чыгыш» провинциясы Кара-Тегинге карай маанилүү жападан жалгыз гана жол болгон. Бул жол Афганистан, Иран, Пакистанга чейин жетип, андан ары Индияга чейин барган. Бул жол байыркы доорлордон тарта эле стратегиялык жактан абдан маанилүү болгон. Анткени 1494-жылы Захириддин Мухаммед Бабур, айтылуу Мухаммед Шейбани хандан жеңилип, куугунтукталып келе жатканда, Кыштут аймагында бир кыш кыштап, башкача айтканда ашуунун ачылышын күтүп, жайында ашуу ачылгандан кийин дал мына ушул жол аркылуу Гератка өтүп кеткен. Эгерде мындан башка жол болгондо Захириддин Мухаммед Бабур өзү жазгандай, жарым жылдан ашуун убакытта бир канча кыйынчылыктарга дуушар болбостон кетип калмак болчу.

Мына ушул жол аркылуу мындагы ашууларга чейин орус окумуштуусу жана саякатчы А.П.Федченко да 1871-жылы жайында келген. Ал өзүнүн эмгегинде Сох дарыясынын куймаларын түшүрүп, бул аймактагы чоң ашуулар – Дөгмөн, Ормузан, Акташ, Даван, Кара-Кыя, Зардалы, Икенжи, Көк-Сыяз, Топхана, Ноожайлак, Ак-Терек деп атап, Сохтон мына ушул багыт менен Кара-Тегинге кетүүчү жол татаал болгондугуна карабастан, эң кыска деп көрсөткөн. Бул чептин Кудаяр ханга таандык экендигин ырастаган далилдер бир да тарыхый булактарда чагылдырылбаган.

Акыркы кезде жарык көргөн Зиябидин Максымдын «Фергана хандарынын тарыхы» аттуу эмгегинде да Кудаяр хандын дээрлик бүткүл ишмердүүлүгү камтылгандыгына карабастан, бул чеп жөнүндө бир да билдирүү жок. Экинчиден Кудаяр хан бийлик тактысында олтурган мезгилде, Баткен аймагына мындай чепти куруунун зарылдыгы болгон эмес. Анткени Баткен аймагы Кокон хандыгы түптөлгөн мезгилдерде анын курамына алгачкылардан болуп кирген. Ал эми Кокон хандыгы өз ээликтерин түндүк Кыргызстанга карай 1820-1830-жылдары кеңейтип, Талас, Чүй, Ысык-Көл, Нарын аймактарын өз ээлигине караткан учурда ал жерлерге өз чептерин курган болчу. Үчүнчүдөн Кудаяр хандын Кокон хандыгын башкаруу мезгили аймактарды кеңейтүү эмес, ички карама-каршылыктар, Бухара эмирлиги жана орус аскерлери менен салгылашуу жана өз бийлигин кандай жол менен болсо да сактап калуу менен коштолгон. Ошондуктан анын хандык мезгилинде мындай чептерди курууга чолосу да тийбеген жана зарылдыгы да болгон эмес. Төртүнчүдөн жогорудагы тарыхый булакта «Кытайдын чек арасына жакын бийик дөңсөөгө тургузулган» деп бир аз туура эмес жазылган. Анткени мындан Кытайдын чек арасы бир топ алыс жана бул жол Кытайга эмес, жогоруда биз белгилегендей Афганистан, Иран, Пакистан андан ары Индияга бара турган жол болгон. Ошондой эле бул чепти айланасындагы көчмөн калктан зекет чогултуучу жер катары кызмат кылган деп белгиленгени да бир аз чындыкка туура келбейт. Зекет чогултуучу жер катары мындай чептин бул аймакка зарылдыгы деле болгон эмес. Анткени 1850-жылдары бул аймакта элдер сейрек жайланышкан жана бул чеп зекет жыйноого ыңгайлашкан эместиги ачык-айкын болуп турат.

Кандай болгон учурда да Фергана өрөөнүнүн түштүк-чыгыш тарабынан Кара-Тегин андан ары Афганистан, Иран, Пакистан, Индияга чейин баруучу маанилүү, жападан жалгыз гана жол болгондуктан бул чептин коргонуу жана көзөмөлдөө максатында курулгандыгын эч ким танбайт. Аны кийинки учурда Зардалы кыштагынын алдынан табылган Туп-Хананын (курал-жарак кампасынын) болушу да бул аймакта коргонуу бекетинин болгондугун дагы бир ирет ырастайт.

Демек мына ушул ашуунун ары жагынан душмандардын кол салуу коркунучу болгондуктан бул чепти куруу зарылдыгы болгон болуу керек. Тарыхый окуялар улам кайталанып тургандай, бул ашуу аркылуу душмандардын кол салуусу 1999-2000-жылдары Баткен окуясында дагы бир ирет далилденди. 1999-2000- жылдары «сакалдуу согушчандар» дал мына ушул ашуу аркылуу Зардалы кыштагына келип жайгашышып, мына ушул чепке күзөтчүлөрүн коюшуп, аны күзөт бекети катары да пайдаланышкан. Ошондуктан бул чептин стратегиялык мааниси азыркы учурда да жогору.

Бул чептин кайсы заманда, ким тарабынан тургузулгандыгын далилдөөчү булактар жок болгондуктан ал жөнүндө толук бүтүм чыгаруу али эрте. Ал эми Кыргызстандын түштүк аймагында мындай чептер Ош облусунун Алай аймагындагы Эркечтам чеби, ал 1885-жылы курулуп, Чыгыш Түркстандан Ферганага кеткен жолдо Кызыл-Суу дарыясынын боюна жайгашып, кербендерди текшерүүчү бажыкана кызматын аткарган жана анда чек арачылар да турган. Ошондой эле, Дароот-Коргон чеби 1821-жылы Кокон хандыгынын доорунда курулуп, ал Алай аймагында хандык бийликтин аскердик-акимдик таяныч түйүнү болгон. Ал эми мындай чептерди куруу байыркы доорлордон тарта белгилүү болгон. Атап айтсак Александр Македонскийдин аскерлери б.з.ч. 327-ж. Фергананын батыш чегине чейин басып келишкен учурда Сыр-Дарыянын боюна Эсхата Александрия (Четки Александрия) чебин курушат. Азыркы Кожент шаарынын аймагындагы Александр Македонскийдин мындан ХХIV кылым мурда курган чебинин айрым бөлүктөрү азыркыга чейин жакшы сакталган жана ал жерлерге тарыхый музейлер, маданий жайлар уюштурулуп, бүгүнкү күндө туристтердин кызыккан жайына айланган. Бул чеп жайгашкан Дара капчыгайы бир кездерде гүлдөп, өсүп-өнүгүү доорун өткөргөн, бул аймакта кен казуу иштери өнүгүп, ал мезгилдерде мында элдер жыш жайгашкан. Ал доор бул аймактагы Кан-и-Гут, Рабат кендериндеги кен казуу жумуштары менен бир мезгилдерде, тагыраак айтканда б.з. 1-кылымда болгон болуу керек. Анткени бул капчыгайдагы (Кан, Сары-Талаа айылдары, Алтын-Жылга кени, Сымап кени ж.б.) эски шахталардын калдыктары кен казуу иштеринин өнүккөндүгүнөн кабар берет. Мисалы Кан кыштагынын түштүк тарабында шлактын калдыктары сакталган. СССР илимдер академиясынын археологиялык технологиялар лабораториясынын анализи боюнча, мындан темир эритилип алынгандыгы такталып, анын шлактарында дагы эле темирдин калдыктарынын көп экендиги аныкталган. Кан айылынын аталышы да өзү айтып тургандай ушул кен байлыктарына байланыштуу экендигин эч ким танбайт.

Ошондой эле, бул капчыгайдын баш жагынан сымап казып алынып тургандыгын андагы аталыштар, сымап кенинин шахталары, калдыктары жана кийинки изилдөөлөр толук далилдеген. Демек Баткен аймагы менен кошо Дара капчыгайында да темирди казып алуу жана иштетүү доорунун өнүккөн мезгили болгондугу тарыхый чындык. Экинчиден бул капчыгайдагы байыркы иран-парс тилиндеги топонимикалык аталыштар Дара, Дашти-Калан, Зардалы, Кан, Кистут, Обгол, Палал, Роут ж.б. сакталып калган. Бул аталыштар Фергананын түндүк тарабы түрктүк, түштүк тарабы ирандык-ферганалык болуп бөлүнгөн VII кк. бул өрөөндүн гүлдөп-өсүү дооруна туш болгон. Себеби ошол доорлордо мамлекеттик иш кагаздары жана жазуу жумуштары иран-парс жана түрк тилдеринде жүргүзүлүп турган. Дара капчыгайындагы жогорудагы аталыштар биринчиден, калктуу конуштардын байыркылыгын далилдесе, экинчиден алардын ошол кездеги коомдогу ордун аныктаган, анткени ошол кездеги мамлекеттик эреже боюнча бул аймактагы дээрлик бардык айыл-кыштактарга иран-парс аталыштары берилип, ал топонимикалык аталыштар ушул кезге чейин толук сакталып келген. Мына ушул фактылар өзү эле бул аймактын орто кылымдардан берки коомдогу ордунун канчалык маанилүү экендигин толук тастыктап турат.

Бул аймактын коомдогу ордунун бир топ маанилүү болгондугуна байланыштуу, аны чет душмандардан коргоо жана сактоо багытында курулган Кан чебинин тарыхын толук изилдөө жана анын алкагында катылып жаткан бир канча тарыхый сырларды чечмелеп, аны келечек муундарга калтыруучу мезгил да анчалык алыс эмес чыгар. Азыркы учурда Кан кыштагында жашаган калктын демилгеси менен атайын арык казып, суу келтирип, мөмө-жемиш бактарын тигишип, аны ыйык жайлардын бирине айлантышкан. Бул чеп келечекте туристтердин кызыктуу жайына айланарына жана анын кылымдарды карыткан тарыхый сырларынын ачылышына шек жок.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9496
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Элдик уламыштар
Көп окулду
×