Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Баткен облусуБаткен району 22.02.2017 17:45

Самаркандекте кыргыз-тажик жаштарынын достук фестивалы өттү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 22-февралда Баткен районунун Самаркандек айылында Тажикстандын Чорку айылынын тажик улутундагы жаштары менен биргеликте достук фестивалы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, иш-чара «Туруктуу тынчтыкка жана өнүгүүгө жетүү үчүн чек аралык кызматташтык» долбоорунун алкагында уюштурулду. Иш-чарага Самаркандек жана Чорку айылдарынын жаштары катышты. Анда, эки элдин салт-санаасы жана маданияты чагылдырылып, концерттик программа тартууланды.

Тажикстандын Чорку айылында жашаган жаш активист Мухамеджан Мадаминов мындай иш-чаралар жаштардын достугун чыңдоого чоң салым кошо турганын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×