Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Баткен

Кадамжайдагы лицейде «Мекенди сүйүү ыймандан» сынагы өттү

Turmush -  Бүгүн, 22-февралда Кадамжайдагы Семетей лицейинде 23-февраль - Мекен сакчыларынын күнүнө карата мектеп окуучулары арасында «Мекенди сүйүү ыймандан» сынагы өттү. Бул тууралуу лицейдин мугалимдери билдиришти.

Маалыматка караганда, сынакка 7-класстын окуучулар катышты. Анда окуучулар улуттук бий, көркөм окуу, сүрөт тартуу, макал айтышуу, сахналык көрүнүш, обондуу ырлар боюнча күч сынашты.
Аталган иш-чарага Кадамжай райондук Ж. Мамажанов атындагы маданият үйүнүн кызматкерлери да катышты.

Жеңүүчүлөргө райондук китепкананын администрациясынын атынан сертификат, диплом, мактоо баракчалары берилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2060
Көп окулду
×