Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 20.02.2017 18:30

Баткенде эл артисти А.Жайнаковду эскерүү айы уюштурулду

Turmush -  КРнын эл артисти, маркум обончу жана аткаруучу Апаз Жайнаковдун туулган күнүнө (57 жаш) карата 6-февралдан 6-мартка чейин эскерүү айы өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Баткен шаардык маданият бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, быйылкы Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында уюштурулган иш-чарада Апаз Жайнаковдун жаркын элесине арналган «Ыр күнү» кароо-сынагы өттү. Сынака 31 адам катышып, «Айгүл-Тоо айымдары» фольклордук тобуна сынаксыз жолдомо ыйгарылды. 1-даражадагы диплом шаардык гимназия-жатак мектебине, 2-даражадагы диплом В.Ленин атындагы орто мектебине, 3-даражадагы диплом А.Имаров атындагы орто мектебинин жамаатына тапшырылды.

Ошондой эле, 11 катышуучуга «Ыр күнү» сынагынын облустук туруна катышууга жолдомо ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×