Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Баткен

Кадамжай шаарынын бюджети 13 млн сомго кыскарды

Turmush -  Бул жылы Кадамжай шаарынын бюджети кыскарды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 2017-жылга карата жергиликтүү бюджет 49 млн 600 миң сом өлчөмүндө бекитилди. Бюджеттин азайышын Кадамжай сурьма комбинатынын иштебей калганы менен байланыштырылган.

Маалым болгондой, 2016-жылы бюджеттин өлчөмү 62 млн сомду түзгөн.

Мурда маалымдалгандай, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев 2,5 ай мурун Кадамжай районундагы сурьма комбинатынын абалы менен таанышкан.
Анда маалым болгондой, облус бийлиги Кадамжай сурьма комбинатынын жетекчилиги менен чогулуш өткөрүп, кандай жардам керектиги боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. Комбинаттын жетекчилиги менен кытайлык «Чжунген тоо кен өнүктүрүү» ишканасы 2016-жылдын 28-июлунда эки тараптуу кызматташтык жөнүндөгү меморандумга, 18-августта эки тараптуу келишимге кол коюшкан. Келишим боюнча 793 миң 845 АКШ долларга жүк ташуучу 8 унаа менен камсыз кылууга, 46 миң долларга комбинаттын химиялык лабораторияларын оңдоого, 1 млн 818 миң долларга кичи ишкананын тетиктерин алып келүү менен күнүнө 500 тонна руданы кайра иштеп чыгууга аракеттер көрүлүп жатат.
Облус жетекчиси келечекте эки тараптуу келишим ишке ашса, токтоп калган ишкана кайра жанданып, курамында 99% сурьма болгон таза продукция алууга, мурда калган 400 тонна таштандыны кытай технологиясы менен кайра иштетип тазалоого жана облустун өнөр жайын мындан ары өнүктүрүүгө, кошумча жумуш орундары менен камсыз кылууга чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлө турганын белгиледи.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1447
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×