Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Баткен облусуБаткен району 14.02.2017 13:06

Кара-Булактагы бала бакча күнүнө 3 сааттан гана иштеп жатат (фото)

Turmush -  Баткен районунун Кара-Булак айылындагы «Жаш балапан» бала бакчасында шарттын жоктугунан балдар 3 саат гана тарбияланууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айылдын тургундары билдиришти.

Айылдын тургуну Перизат Үсөнөванын айтымында, бала бакчада кечке чейин окута турган бир дагы тайпа жок.

«Мен өзүм мугалим болуп иштейм. Кызымды эртең менен саат 8:00дө бала бакчага жеткирем. Кайра 11:00до алып кетем. Ал учурда жумуштан бошоп келип, кызымды алып кетүү мен үчүн кыйын. Айылда мен сыяктуу ата-энелер көп. Ошондуктан кечке чейин окуй турган бир тайпа ачып коюшса жакшы болмок», - деди ал.

«Жаш балапан» бала бакчасы 2016-жылдын ноябрь айынан тартып ишке берилген. Бирок, анда шарттар толук түзүлгөн эмес. Балдардын оюнчуктары, сыналгы жана башка каражаттар алына элек. Мындан улам тарбиячылар оюнчуктарды кийизден колго жасап беришет. Учурда 125 бала тарбия алууда.

«Балдар үчүн оюнчуктар, сыналгы алына элек. Ошондой эле, балдар сыртка чыгып ойногонго толук мүмкүнчүлүк жок. Анткени бала бакчанын айланасы тосулган эмес. Имарат айылдын ортосунда жайгашкандыктан ал тараптан унаалар тынымсыз өтүп турат. Бул балдар үчүн кооптуу абал жаратат», - деди тарбиячылар.

Бала бакчанын жетекчиси Анарбүбү Үсөнова балдар үчүн атайын шарттар түзүлбөгөнүн кошумчалады.

«Тосмолор жок. Балдар көчөгө чыкса тарбиячылар дагы кошо чыгышы керек. Ошондуктан тосмо тосууга жардам болсо жакшы болмок», - деди директор.

Бул көйгөйлөр боюнча бала бакчанын жетекчилиги жергиликтүү бийликке кайрылган. Аны менен бирге ата-энелердин сунушу боюнча толук жатак бала бакчага айлантуу маселесин да койгон. Бирок, мекеме 3 сааттык билим берүү үчүн гана курулгандыктан, бул сунушту ишке ашыруу мүмкүн болгон эмес.

«Бул бала бакча 3 сааттык билим берүү үчүн курулган. Толук жатак бала бакчага айлантуу үчүн башка имарат куруу зарыл. Ал эми тосмолор үчүн жергиликтүү кеңеш бюджеттен тиешелүү каражат бөлүп берет. Ошондой эле жетишпеген жабдууларды толуктайбыз», - деп билдирди Кара-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Кайры Асланова.

Айыл өкмөттөн маалымдалгандай, тосмолорду тосуу үчүн жалпы 30 миң сомдой акча каражат керектелет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×