Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 10.02.2017 17:05

Жаш талант: Элин ун менен камсыздоону кыялданган 13 жаштагы Мухамед тегирмендин макетин жасады (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун 13 жаштагы тургуну Мухамед Абубакир уулу тегирмендин макетин жасады. Ал келечекте тегирмени менен элге кызмат кылууну кыялданат.

«Бул тегирменди бир сутканын ичинде жасап бүттүм. Ушундай тегирмен куруп, элге сапаттуу ун тартып бергим келет. Айылыма келечекте чоң тегирмен курам деп кыялданам.

Макетти жасоодо кыйынчылык деле туулган жок. Анткени мен өзүм аны жасаганга кызыгам. Бош убактым болсо эле керексиз буюмдардан ар кандай макеттерди жасай берем. Тегирменди да үйдөгү керексиз материалдардан жасадым», - деди Мухамед.

Ага бул макетти жасоодо бир тууган агасы жардамга келген.

«Мен өзүм буга чейин да кичинекей тегирмен жасагам. Чоң тегирмен жасай турганымды айтсам агам билгендерин айтып берди. Макетти аягына чыгаруу үчүн түндө уктабай иштедим», - деди жаш ойлоп табуучу.

Мухамед келечекке инженер кесибине ээ болуу максат койгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×