Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Баткен

Баткендеги көркөм сүрөт жатак мектебинде 1 бөлмөдө 15 кыз жашап жатат (фото)

Turmush -  Баткен облустук көркөм сүрөт жатак мектебинин окуучулары менен мугалимдери жаңы имаратка муктаж.

Мектеп директору Ибрагим Калбердиевдин айтымында, аталган мектеп үчүн атайын 40 сотых жер бөлүнгөн. Бирок азыркыга чейин курулуш иштери боюнча жыйынтык чыкпай келет.

«Облус аймагындагы таланттуу окуучулар биздин мектепке атайын келип окуп, жашашат. Былтыр мектептин 10 жылдык мааракесин белгиледик. Ошол 10 жыл ичинде көптөгөн кыйынчылыктарды өткөрдүк. Өздүк имаратыбыз жоктугунан көп жерлерге көчүп, шарты жок жараксыз жайларды оңдоп-түздөп, ижара акысын төлөп билим берип келе жатабыз.

Учурдагы имарат мэриянын балансында турат. Буга чейин бул имарат башталгыч класстардын мектеби болуп турган», - деди ал.

Ибрагим Калбердиев буга катар эле жатаканада окуучулар үчүн шарт түзүлбөгөнүн кошумчалады.

«Облустун аймактарынан келген окуучулар 3 маал тамак ичип, жатып окушат. Бирок биздин жатаканада окуучулар үчүн шарт түзүлгөн эмес. Шарттын жоктугунан окуучулардын саны аз. Эгерде заманбап имарат курулса учурдагы 49 окуучунун саны 100-200гө көбөймөк. Жаңы имарат туурасында тиешелүү тараптарга кайрылдык, бирок жыйынтык жок», - деди директор.

Ал эми Ак-Татыр айылынан келип окуган Бексултан Жалол уулу сабак учурунда парта, отургучтарды ташып жүрүүдөн чарчаганын айтты.

«Класстарда парта, отургучтар жетишпегендиктен ар бир сабак бүткөндө кийинки класска ар бирибиз отурган отургуч, парталарды ташып киребиз», - деди ал.

Жатакананын тарбиячысы Бактыгүл Кадырова тарбиячылардын өздүк бөлмөлөрү жок болгондуктан сабак учурунда сыртта турушарын белгиледи.

«Мен 6 жылдан бери бул мектепте эмгектенип келем. Мектепте парта, отургучтар жетишсиз болгондуктан окуучулар тыныгуу убагында кийинки сабак өтүүчү класстарга отургуч ташып жүрүп убагы өтөт. Ал гана эмес мугалимдердин да усулдук бөлмөлөрү жетишсиз», - деди Кадырова.

3 жылдан бери окуп жаткан Айзат Кабылова жатакананын шарты жоктугун, 1 бөлмөдө 15 кыз жатарын билдирди.

«Эртең менен ойгонгондо эле бири-бирибизди түртүп, ыңгайсыздыктар жаралат. Башка жатаканаларда 3-4 гана адам жата турганын билем. Бирок, бизде бир бөлмөдө 15 кыз уктайбыз», - деди Айзат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8592
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×