При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Эл ичи — өнөр кенчи: Баткендик 49 жаштагы С.Туйгунов 6 жашынан бери сүрөт тартып келет (фото)

Turmush -  Баткендеги Айдаркен шаарынын 49 жаштагы тургуну Салы Туйгунов 6 жашынан бери сүрөтчүлүк өнөр менен алектенет. Аймактык кабарчы сүрөтчү менен жакындан таанышты.

- Сүрөт искусствосуна кантип келип калдыңыз?

- Күндөрдүн биринде коңшубуздун үйүнүн дубалына тартылган көл ичинде жүргөн ак куулардын сүрөтүн көрүп калдым. Ал сүрөт мага ушунчалык кооз көрүнгөндүктөн балалык сезимим менен аябай таңыркаган болчумун. Ал сүрөттү көргөндө делебем козголуп, уйгу-туйгу өзгөчө сезим пайда болду. Мен ошол убакта 6 жаштагы бала болчумун. Айылдын балдары менен тоого козу-улак айдап кечке чейин кайтарып келчүбүз. Ошондон тарта сүрөт дүйнөсүнө шыгым артып, тоодогу таштарга ар кандай сүрөттөрдү чиймелеп ойночумун. Андан кийин үйгө келгенде таякемди сүрөт тартып берүүгө мажбурлоочумун. Ал сүрөт тартканын карап, жанынан бир карыш жылбай отурчумун. Мектепке киргенден кийин бир күнү менин сүрөт альбомумда тартылган сүрөттөрдү классташтарым таңыркап көрүп жатышкан. Ошол учурда адабият мугалимим Курсан Пахыров сүрөт тартылган альбомумду көрүп, жогору баалай баштады. Демиме дем кошуп, сүрөткө болгон кызыгуумду дагы да арттырды. 5-класста сүрөт сабагын окуткан Интифатхан Абибканова борбордон чыгып турган «Байчечекей» журналына сүрөттөрүмдү жиберип, мектептин дубал гезитине мен тарткан сүрөттөрдү үзбөй илип турду. 1978-жылы тартылган аяз атанын сүрөтү совхоздун клубунда илинип, жаңы жылдык сынакта 1-орунга ээ болуп, жаш сүрөтчү аталгам. 1982-жылы сүрөт окуу жайына тапшырып, аны ийгиликтүү аяктадым. Учурда мектептерде сүрөт мугалими болуп иштеп келем.

- Сүрөттүн кайсы жанрына басым жасап тартасыз?

- Мен акыркы мезгилде пейзаж жанрында көбүрөөк иштеп жатам .Өзүбүздүн талааларды, тоолорду жайлоолорбузду, жерлерибизди көркөмдөп тартуунун үстүндөмүн. Андан сырткары портрет жанрында дагы эмгектерим бар.

- Жүрөгүңүзгө жакын эмгегиңиз кайсы?

- 2011-жылы Айдаркен шаарыбыздын батыш тарабында тартылган «Көз кубантарлык» деген аталыштагы эмгегим. Бул эмгегим көптөгөн адамдардын алкышына арзыды. Анда ак мөңгүлүү тоолор, чалкыган асман, тоо үстүндөгү булуттар, чер токойлуу жайлоо, шаркырап аккан дарыя, көл жана чуркаган жылкыларды тарттым. Сүрөткө адамга жакшы таасир калтыра турган түстөрдү тандап алдым.

- Тарткан сүрөттөрдү элдин сынына коесузбу?

- 2016-жылы Тарых жана маданият жылына карата «Тулпарлар талаасы» аттуу чоң сүрөт эмгегимди Нооруз майрамында элге белек кылып тартууладым. Эл тарабынан көптөгөн жакшы сөздөр айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1819
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×