Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Баткен облусу, Баткен 07.02.2017 18:13

Баткен шаарындагы жалгыз кинотеатр оңдоого муктаж (фото)

Turmush -  Баткен шаарындагы «Октябрь» кинотеатры оңдоо иштерине муктаж. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Шаар тургуну Бекжан Орозбековдун айтымында, учурда кинотеатрга келген көрөрмандардын саны кескин азайган.

«2016-жыл Тарых жана маданият жылы деп жарыяланганы менен шаар ичиндеги жалгыз кинотеатрга көңүл бурулганын байкаган жокмун. Элдин киного болгон талабы жогору. Бирок, биздеги кинотеатрдын шарты жакшы эмес, отургучтары да эски. Оңдоп-түздөөдөн өтүп, шарттар түзүлсө эл кирет», - деди ал.

Бүгүнкү күндө театр мамлекет тарабынан каралбагандыктан жеке ишкерлер тарабынан иштетилүүдө. 1970-жылы ишке берилген имарат бүгүнкү күнгө чейин бир дагы жолу оңдоп-түздөөдөн өткөн эмес. Учурда жылытуу системасы иштебей, орундуктары да эскирип бүткөн.

«Бул жерде 2 зал бар. Бири чоң зал, артында 35 орундуу кичине зал бар. Ал жер жылуу. Аппаратураларды алып келип, шарттарды түзүп, ошол жактан тасмаларды коюп жатабыз», - деди кинотеатрдын жетекчиси Курбанбек Зайналов.

Учурда кинотеатрдын чоң залы жылыбаганы үчүн иштетилбей турат. Кичи залдан түшкөн акча ижара акысынан ашпагандыктан, айрым жерлерин гана бир аз оңдоодон өткөрүшкөн.

Ал эми Баткен шаарынын вице-мэри Имигүлсүн Рыскулованын айтымында, кинотеатр шаардык мэриянын карамагында эмес.

«Биз кинотеатрга жардам берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок. Анткени ал биздин карамагыбызда эмес, мыйзам жол бербейт. Биздин баланста болгон ишканаларга гана акча бөлүнөт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×