Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Баткен

Кадамжай шаарынын депутаттары экинчи жолу шаар мэрин шайлай албай коюшту

Turmush -  Бүгүн, 7-февралда Кадамжай шаарынын мэрин шайлоого экинчи жолу кворум болбой, мэр шайланбай калды. Бул тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, бул жолу шайлоого КСДП партиясынын депутаттары келбей койду. Шайлоого болгону 12 депутат гана келген. Эми шаардык кеңештин депутаттары таратылышы мүмкүн.
Буга чейин 27-январга белгиленген шайлоодо да кворум болбой калган. Мэрлик кызматка КСДП партиясынан Асанбай Пазылов менен «Республика - Ата Журт» партиясынан Бакытбек Бегалиев талапкерлигин койгон.

А.Пазылов 2013-жылы Кадамжай шаарынын мэри болгон. Б.Бегалиев Кадамжай шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1951
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×