Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Баткен

Баткендеги окуучулар ойлоп тапкан техникаларын тааныштырышты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 3-февралда Баткен шаарындагы окуучулар арасында «Илим, техника жана өндүрүш» сынагы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Салтка айланган сынакты «Алтын түйүн» балдардын илим, техника изилдөө академиясы уюштуруп келет.

«Сынакка ар тараптуу тапкыч балдарыбыз келип катышты. Биз тапкыч балдарыбыз менен республикалык деңгээлге чыгып, сынактарда алдыңкы орундарды алып келгенбиз. Окуучулар газдан суу чыгаргыч, лунаход, суу аз мезгилде электр энергияны үнөмдөөчү жана башка түрдүү керектүү буюмдарды жасап келишти», - деди Баткен облустук усулдук борборунун директору Мээринса Айжигитова.

Ал эми Кадамжай районунан келген мугалим Галмамат Жунусалиевдин айтымында, бул жолку сынак мурдагы жылдарга салыштырмалуу жакшы уюштурулду.

«Тапкыч балдарды тарбиялаган мугалимдер менен ата-энелерине ыраазычылыгымды билдирем. Бул балдардан буюрса эң мыкты инженерлер, архитекторлор чыгат», - деди Жунусалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4757
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×