Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Баткен

Баткендеги №3 орто мектептин окуучулары окуудан бошотулду

Turmush -  Бүгүн, 3-февралда Баткен шаарындагы №3 орто мектептин окуучулары окуудан бошотулду. Бул тууралуу мектеп директору Мээринса Жапарова билдирди.

Анын айтымында, окуучулар сабактан бүгүн эртең менен катталган жер титирөөдөн улам бошотулду. Мектепте жалпы 640 окуучу болсо, алардын ичинен 420 окуучу эртең менен окушат.

«Бүгүн алар 4 саат окуп, катуу жер титирөө болгонуна байланыштуу окуудан бошотууга аргасыз болдук», - деди ал.

Баткенде бүгүн күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган болчу. Кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1127
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×