Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 31.01.2017 12:28

Халмион айыл өкмөтүнүн башчысы болуп К.Бегматов шайланды

Turmush -  Бүгүн, 31-январда Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 2-жолу Камалидин Бегматов шайланды. Бул тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган кызматка Камалидин Бегматов менен Кубанычбек Атабаев ат салышкан. Шайлоого айылдык кеңештеги 21 депутат катышып, Камалидин Бегматов 14 добуш, Кубанычбек Атабаев 7 добуш алды.

Камалидин Бегматов буга чейин да айыл өкмөттү жетектеп келген. Кесиби мугалим.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×