Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Баткен

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп А.Төралиев шайланды

Turmush -  Бүгүн, 30-январда Кадамжай районундагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 4-ирет Алчынбай Төралиев шайланды. Бул тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Алчынбай Төралиев жалгыз талапкер болгон. Айылдык кеңештеги 21 депутаттын 19у жалгыз талапкерди колдогон.

А.Төралиев аталган айыл өкмөттү 2005-жылдан бери башкарып келет. Ак-Турпак айыл өкмөтү 2013-жылы өлкө боюнча эң мыкты айыл өкмөт деп табылып, өкмөттөн 3 млн сом акчалай сыйлык алган.

Turmush басылмасы мурда Ак-Турпак айылында мурда Өзбекстан колдонуп келген газ сактоочу жай боюнча маалымат жазган.

Тактама:

Баткен районундагы Ак-Турпак айылынын аталышы топурактын өңүнө байланыштуу.

Айылдын аксакалы Турдали Алдаевдин айтымында, мурда бул жерде эч нерсе өспөгөн, шор баскан, ак топурактуу жер болгон. Кийин жартыбаш уруусу келип, жерди өздөштүрүү менен айыл кылып жашап калышкан.

Элет облустун борборунан 35 чакырым алыстыкта жайгашкан. Айылдыктар негизинен дыйканчылык, багбанчылык менен алектенишет.

(Ак-Турпакта атактуу "Ак-Турпак" күрүчү өстүрүлөт)

7 10 2014_рис 1

Тема боюнча:

09.07.2015Ак-Турпак айыл аймагынын башчысы А.Төралиев: Күзүндө Бүргөндү өрөөнүнүн 40 жылдыгын белгилейбиз (маек)
01.08.2015Кадамжайдын Ак-Турпак айыл аймагында 720 орундуу жаңы мектеп курулууда
22.03.2016Кадамжайдын Ак-Турпак айыл аймагындагы чарбалык суу каналдар 50 млн сомго оңдолду (фото)
21.09.2016Ак-Турпакта шалы жыйноо иштери кызуу жүрүп жатат (фото)
30.09.2016Элдик уламыш: Ак-Турпак айылы шор баскан аймак болгон (фото)
30.09.2016Айыл турмушу: Ак-турпактык дыйкан А.Момунов 50 сотых жерден 3 тонна күрүч алат (видео)
21.10.2016Ак-Турпакта шалы жыйноо иштери кызуу жүрүп жатат (фото)
07.11.2016Кадамжайдагы сынакта жеңип чыккан Ак-Турпак айыл өкмөтү 100 миң сомго ээ болду
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4119
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×