Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Баткен

Чаувай айылындагы сымап жана сурьма чыгаруучу ишкана иштебей турат

Turmush -  Кадамжай районунун Чаувай айылындагы сымап жана сурьма чыгаруучу ишкана иштебей турат. Бул тууралуу кечээ, 27-январда Баткен облусунун жетекчиси Абиш Халмурзаевдин аталган айылга болгон иш сапарында белгилүү болду.

2013-жылы Чаувай айылына Кытайдан инвесторлор келип, 2014-жылы кен байытуучу ишкана куруп баштап, 2015-жылы май айында курулушун бүтүрүшкөн. Бирок сымаптын баасы түшүп кеткенине байланыштуу ишкана кайра ошол эле жылдын сентябрь айында ишин токтотуп, азыркы күнгө чейин иштебей турат.

Учурда аталган ишкананы кытайлык башка инвесторлор ижарага алып иштеткени жатат. Эгер ал иштеп баштаса 130 адам жумуш менен камсыз болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3012
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×